Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 2-октябры № 2
Масы айылынын тургуну Эшенкулов Турдубек Турдумаматовичтин арызын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 7-беренесин жетекчилике алуу менен жана Масы айылдык кенешинин айыл, суу, мал чарба жана кайра иштетүү тармагы боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап Масы айылдык кенешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айылдык Кенешинин айыл, суу, мал чарба жана кайра иштетүү тармагы боюнча туруктуу комиссиясынын сунушу жана Масы айылынын тургуну Эшенкулов Турдубек Турдумаматовичтин арызы эске алынсын.
2. Масы айылынын тургуну Эшенкулов Турдубек Турдумаматовичке Масы айылынын №396-контурунан 0,70 га жер тилкеси бак тигүү үчүн 10 жылдык мөөнөткө бөлүнүп берилсин.
3. Жер тилкесинин ижара келишимин түзүү жана Масы айылынын №396- контурунан 0,70 га жер тилкесин бөлүп берүү Масы айыл өкмөтүнүн жер маселелер боюнча жетектөөчү адиси Д.Бекжановко жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Масы айылдык кенешинин айыл, суу, мал чарба жана кайра иштетүү тармагы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Нарматов |