Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-августу № 34
Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2017-жылдын 17-июнундагы №47-токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Дара айыл аймагынын айылдык кеңештин мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, административдик жана текшерүү иштери боюнча туруктуу комиссиясы Баткен райондук прокуратурасынын 2019-жылдын 20-июнундагы №11/63319 сандуу каршылык билдирүүсүн карап чыгып, талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2017-жылдын 17-июнундагы №47 сандуу токтому Баткен райондук прокуратурасынын 2019-жылдын 20-июнундагы №11/63319 сандуу каршылык билдирүүсүнүн (протест) негизинде жокко чыгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, административдик жана текшерүү иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М. Султанов |