Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-августу № 40
КР финансы министрлигине караштуу бюджеттик насыяларды башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин 2019-жылдын 1-августундагы №19-05-02/1516 сандуу доо талабын кароо жөнүндө
КР финансы министрлигине караштуу бюджеттик насыяларды башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин 2019-жылдын 1-августундагы №19-05-02/1516 сандуу доо-талабын аткаруу боюнча З.Байзаковдун билдирүүсүнүн угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Дара-Суусу” ИСКАКБсынын КР финансы министрлигине караштуу бюджеттик насыяларды башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине болгон 217,0 (эки жүз он жети миң) сомун төлөп берүүгө макулдук берилсин.
2. “Дара-Суусу” ИСКАКБсынын карызын төлөп берүү жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнөн суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М. Султанов |