Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-августу № 43
Кайыңды айылына жаңыдан курула турган кичи спорт аянтчасына 2994124,98 (эки миллион тогуз жүз токсон төрт миң бир жүз жыйырма төрт сом токсон сегиз тыйын) сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын Кайыңды айылына жаңыдан курула турган кичи спорт аянтчасына акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берүү боюнча А.Тажибаевдин даярдаган маалыматын угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын Кайыңды айылына жаңыдан курула турган кичи спорт аянтчасына 2994124,98 (эки миллион тогуз жүз токсон төрт миң бир жүз жыйырма төрт сом токсон сегиз тыйын) сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ж.Токтомушовага жүктөлсүн.
Төрага | М. Султанов |