Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-августу № 46
Бала бакча ачууга макулдук берүү жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнүн Сары-Талаа айылындагы мектеп жашына чейинки балдардын билим алуусуна шарт түзүү, билим берүү, тарбиялоо иштерин өркүндөтүү максатында Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл өкмөтүнүн Сары-Талаа айылында 25 орундуу балдар бакчасын ачууга макулдук берилсин.
2. Бала-бакчаны ачууга тиешелүү болгон юридикалык иш-кагаздарын жүргүзүү жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн орун басары А.Тажибаевге жана айылдык кеңештин административдик укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Султанов |