Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-августу № 48
Чек айылынын 19-кварталынын түндүк тарабындагы Ак-Сер көчөсүнүн түштүк тарабында жайгашкан эски дренаж толтурулуп, тегизделген 0,75га жер аянтын муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
Дара айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө шарт түзүү боюнча жер адисинин милдетин аткаруучу С.Дыйкановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө шарт түзүү максатында Чек айылынын 19-кварталынын түндүк тарабындагы Ак-Сер көчөсүнүн түштүк тарабында жайгашкан эски дренаж толтурулуп, тегизделген 0,75га жер аянтын муниципалдык менчикке алууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү иш-кагаздарын бүтүрүп берүү жагы Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жана Баткен шаар куруу жана архитектура башкармалыктарынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, административдик жана текшерүү иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М. Султанов |