Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-августу № 49
Кан айылына өрт өчүрүүчү ишканасын ачууга 0,20га жер аянтын жана имарат берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жогорку зонасында жайгашкан калктуу конуш тургундарынын табигый жана өрт коопсуздугунан сактоо боюнча Кан айылына өрт өчүрүүчү ишканасын ачуу үчүн 0,20га жер аянтын жана имарат берүүгө макулдук берүү боюнча З.Байзаковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кан айылындагы З.Ормонов орто мектебинин эски имаратына өрт өчүрүүчү ишканасын ачууга макулдук берилсин.
2. Кан айылындагы З.Ормонов орто мектебинин эски имаратынан 2 бөлмө, ажаткана жана 0,20га жер аянты менен өрт өчүрүүчү ишканасына бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Жер аянтына тийешелүү болгон иш-кагаздарын бүтүрүп берүү жагы Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Төрага | М. Султанов |