Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-августу № 51
Чек айылына оорукана жана дене чыңдоочу аянтча курууга макулдук берүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын тургундарынын саламаттыгын сактоо жана ден-соолугун чыңдоо үчүн Чек айылына оорукана жана дене чыңдоочу аянтча куруу боюнча жер адисинин милдетин аткаруучу С.Дыйкановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын тургундарынын саламаттыгын сактоо жана ден-соолугун чыңдоо максатында Чек айылынын ортоңку бөлүгүндө жайгашкан эски дренаждын ордуна 50 орундуу оорукана жана дене чыңдоочу аянтча курууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү иш-кагаздарын бүтүрүп берүү жагы Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жана Баткен шаар куруу жана архитектура башкармалыктарынан суралсын.
3. Чек айылына жаңыдан курула турган 50 орундуу оорукананы мыйзамдуу иш-кагаздарын жүргүзүү жагы жер адиси М.Зайниевге жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, административдик жана текшерүү иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М. Султанов |