Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-февралы № 4
Жаңы-Жол жайыт пайдалануучулар бирикмесинин аткаруучу органы-жайыт комитетинин курамына Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин депутаттарынан мүчөлүккө көрсөтүү жөнүндө
Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IVсессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жол жайыт пайдалануучулар бирикмесинин аткаруучу органы-жайыт комитетинин курамына Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин депутаттары, Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин төрагасы Т.Өзүбеков, Т.Абасканов, К.Кенжеев, Ж.Жапарова, А.Өскөнбаев, Б.Өмүрбаев сунушталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Рысбеков Айбеке милдеттендирилсин.
3. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
4. Бул токтом www.Janyjol.comсайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Т. Өзүбеков |