Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-марты № 2
Жаңы-Жол айыл аймагынын 2017-жылга карата киреше бөлүгүн жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө
Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жол айыл аймагынын 2017-жылга карата негизги киреше бөлүгүнүн булактары 16104500 сомго бекитилсин. Чыгаша бөлүгү 16104500 сомго бекитилсин. Анын ичинен:
Теңдөөчү грант - 8222900
Жергиликтүү киреше - 7881600
2017-жылга атайын каражат бөлүгү - 1255000 сомго бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндөКР мыйзамынын негизинде айылдык аймагынын жалпы бюджетинин 1% ти 161000сомго айыл өкмөт башчысынын резервдик фонду түзүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин 2009-жылдын 15-январындагы № 04-24/4-1 буйругунун негизинде айылдык Кеңештин төрагасына компенсация белгиленсин.
4. Жаңы-Жол айыл аймагынын 2017-жылга бекитилген чыгымдарды пландарына жараша тактоо жүргүзүп, өз убагында өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду сессияда сунуштаптуруу жагы ФЭБ башчысына тапшырылсын.
5. Бул токтом алымча кошумчасы менен бекитилсин.
6. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
7. Бул токтом www.Janyjol.comсайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Т. Өзүбеков |