Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-марты № 4
Мамлекеттик фонддун жерлерине аукцион аркылуу өткөрүү боюнча комиссия курамын түзүү жөнүндө
Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ижара мөөнөтү бүткөн 17,6 га мамлекеттик фонддун жерлерине аукцион өткөрүү25-мартка белгиленсин. “Жер, муниципалдык менчик жана агрардык саясат” боюнча туруктуу комиссиясынан 4 депутат, айыл өкмөтүнөн 3 адис катышкан аукцион өткөрүү боюнча төмөндөгү курамда комиссия түзүлсүн:
1.Кенжеев Кадыраалы - комиссиянын төрагасы
2.Асанбеков Нуржигит - комиссиянын мүчөсү
3.Борукеев Марат - комиссиянын мүчөсү
4.Тилепов Нурдин - комиссиянын мүчөсү
5.Маткеримов Данияр - башкы адис
6.Көчкөнбаев Алмаз - башкы адис
7.Үсөнова Сайкал - статист-экономист
Куйбышев айылынын тургундары Эгембердиева Бактыгүлгө 3(үч)
жанга 0,27 га жер аянты, Төлөгөн уулу Аманга 0,09 га жер аянты үлүшкө
бөлүнүп берилсин. Калган0,34 га жер аянты пенсионер, биринчи
группадагы майып Назаралиев Жээнгазынынарызын канааттандырып,
кайрадан өзүнө ижарага калтырылсын.
2. Ак-Жон участкасындагы №39 Кесиптик Лицейге жана ПМКга берилген жерлерди кайтарып алуу мүмкүнчүлүктөрүн карап, Кайрактагы 2 га алма бакты, Каракаш, Жаңы-Жол участкаларындагы алма бактарды жана Токтогул токой чарбасынын Кыркым участкасындагы, Токтогул жазуудагы жер аянттарын тактоо айыл өкмөтүнүн жер адиси Д. Маткеримовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
4. Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Т. Өзүбеков |