Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-марты № 6
Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу “Деко” муниципалдык ишканасына эксковатор атайын техникасын сатып алуу жөнүндө
Швейцария өкмөтү каржылаган “ХЕЛЬВЕТАС СВИСС Интеркооперейшн” ассосациясы жана Өнүктүрүү Саясат Институту тарабынан биргелешип ишке ашырылган “жергиликтүү кызмат көрсөтүүнүн деңгээлин жакшыртуу” долбоорунун алкагында артыкчылыктуу маселе болуп тандалып алынган “Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу “Деко” муниципалдык ишканасына эксковатор атайын техникасын сатып алуу” долбоору боюнча маалыматтарды угуп жана талкуулап ” Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын статусу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына таяныпЖаңы-Жол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу “Деко” муниципалдык ишканасына эксковатор атайын техникасын сатып алуу долбоору бекитилсин.
2. Долбоор боюнча Жаңы-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн өздүк салымы 660 000(алты жүз алтымыш миң) сом болуп бекитилсин.
3. Экинчи пунктта көрсөтүлгөн акча каражаты Жаңы-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүнбюджетинен бөлүнүп берилсин.
4. Долбоорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча иш-чараларды аткаруу жагы Жаңы-Жолайыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине жана жумушчу топкожүктөлсүн.
5. Бөлүнгөн акча каражатын тиешелүү мекемеге которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБбашчысы Ч.Култаевага милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика-бюджеттик пландоо, бизнес, каржы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
7. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
8. Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Т. Өзүбеков |