Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-марты № 7
Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Куйбышев айылына “Кичи спорт аянтча куруу “долбоору жөнүндө
Швейцария өкмөтү каржылаган “ХЕЛЬВЕТАС Свисс Интеркооперейшн” ассоциациясы жана Өнүктүрүү Саясат Институту тарабынан биргелешип ишке ашырылган “Жергиликтүү кызмат көрсөтүүнүн деңгээлин жакшыртуу” долбоорунун алкагында артыкчылыктуу маселе болуп тандалып алынган “Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Куйбышев айылына кичи спорт аянтча куруу” долбоору боюнча маалыматтарды угуп жана талкуулап, “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү Кеңештеринин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына таянып,Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Куйбышевайылына “Кичи спорт аянтча куруу “долбоору бекитилсин.
2. Долбоор боюнча Жаңы-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн өздүк салымы 675970(алты жүз жетимиш беш миң тогуз жүз жетимиш) сом болуп бекитилсин.
3. Экинчи пунктта көрсөтүлгөн акча каражаты Жаңы-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүнбюджетинен бөлүнүп берилсин.
4. Долбоорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча иш-чараларды аткаруу жагы Жаңы-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине жана жумушчу топкожүктөлсүн.
5. Бөлүнгөн акча каражатын тиешелүү мекемеге которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБбашчысы Ч.Култаевага милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика-бюджеттик пландоо, бизнес,каржы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
7. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
8. Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Т. Өзүбеков |