Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-марты № 8
Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Кызыл-Туу айылындагы Мүлкүбат ортомектебинин жылуулук системасын оңдоо” долбоору жөнүндө
Швейцария өкмөтү каржылаган “ХЕЛЬВЕТАС Свисс Интеркооперейшн” ассоциациясыжана Өнүктүрүү Саясат Институту тарабынан биргелешип ишке ашырылган “Жергиликтүү кызмат көрсөтүүнүн дэңгээлин жакшыртуу”долбоорунун алкагында артыкчылыктуу маселе болуп тандалып алынган “Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Кызыл-Туу айылындагы
Мүлкүбат орто мектебинин жылуулук системасын оңдоо” долбоору боюнча маалыматтарды угуп жана талкуулап “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү Кеңештеринин депутаттарынын статусу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына таянып,
Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ”Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Кызыл-Туу айылындагы Мүлкүбат орто мектебинин жылуулук системасын оңдоо” долбоору бекитилсин.
2. Долбоор боюнча Жаңы-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн өздүк салымы 301390(үч жүз бир миң үч жүз токсон) сомболуп бекитилсин.
3. Экинчи пунктта көрсөтүлгөн акча каражаты Жаңы-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.
4. Долбоорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча иш чараларды аткаруу жагы Жаңы-Жолайыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине жана жумушчу топко жүктөлсүн.
5. Бөлүнгөн акча каражатын тиешелүү мекемеге которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ч.Култаевага милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, бюджеттик пландоо, бизнескаржы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
7. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
8. Бул токтом www.Janyjol.comсайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Т. Өзүбеков |