Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-марты № 9
Калктын аярлуу топтору спорт оюндарын ойноого ижара акыга болгон жеңилдетүүлөрү жөнүндө
Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Куйбышев айылындагы “Кичи спорт аянтча куруу”долбоору ишке ашырылып, пайдаланууга берилгенден кийин Куйбышев айылында дене тарбия жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуунун алкагында,кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча маалыматтарды угуп жана талкуулап калктын аярлуу топторунун спорт оюндарына төмөндөгү социалдык статусуна ылайык жеңилдетүүлөрдүберүү үчүнЖаңы-Жол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куйбышев айылында жашаган 18 жашка чейинки майыптар, тоголок жетимдер, жарым жетимдер, Афган, Венгер согушунун, ЧАЭС апаатынын катышуучуларынын балдары спорттук жайды пайдалануудагы ижара акысынын жеңилдетүүлөрүнө Жаңы-Жол айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 60-70% компенсация каралсын.
2. Бөлүнгөн акча каражатын тиешелүү мекемеге которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ч.Култаевага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, бюджеттик пландоо, бизнес, каржы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
5. Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Т. Өзүбеков |