Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-марты № 10
Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысынын жана жайыт комитетинин төрагасынын сунушу боюнча “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2”долбоорунун алкагында атайын техника сатып алуу үчүн жамааттын салымын камсыздоо жөнүндө
Жаңы-Жол айыл аймагындагы “Малчарбасын жана рынокту өнүктүрүү – 2” долбоору боюнча маалыматтарды угуп жана талкуулап “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын статусу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдарына таянып, Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жол айыл аймагындагы “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2” долбоорунун алкагында атайын техника сатып алуу үчүн, жамааттын салымын камсыздоо максатында Жаңы-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн өздүк салымы912500 (тогуз жүзон эки миң беш жүз) сом болуп бекитилсин.
2. Биринчи пунктта көрсөтүлгөн акча каражаты Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Долбоорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча иш чараларды аткаруу жагы Жаңы-Жол айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Н.Чокоевге жана инвестиция тартуу боюнча айыл өкмөтүнун башкы адиси Ш.Орозбаевге жүктөлсүн.
4. Бөлүнгөн акча каражатын тиешелүү мекемеге которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ч.Култаевага милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика-бюджеттик пландоо, бизнес, каржы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
6. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
7. Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Т. Өзүбеков |