Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-марты № 12
Жаңы-Жол айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктарын өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын 4-беренесине ылайык Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Жаңы-Жол айылдык КеңешининVII чакырылышынын кезектеги V сессиясы жайыт жерлерин натыйжалуу жанасарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жол айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктары өткөрүлүп берилсин.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы жайыт комитетине жайыт жерлерин башкарууну жана пайдаланууну жергиликтүү кеңеш тарабынан расмий бекитилген жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын көп жылдык жана бир жылдык пландарынын негизинде гана жүргүзүүсү милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн пландар өзубагында аткарылбаса же аларды ишке ашырууда одоно кемчиликтерге жол берилсе, анын ичинен жайыт комитетинин карамагындагы акча каражаттары максатсыз жана натыйжасыз пайдаланылса өткөрүп берилген ыйгарым укуктары кайта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына кайтарылып алынары, жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы - жайыт комитетине эскертилсин.
4. Жайыт комитетинин башчысы жайыт комитетинин бардык мүчөлөрүнө, жайыт пайдалануучуларга, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына жайыттарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жана анын жергиликтүү расмий өкүлчүлүктөрүнө жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Уставына жана бекитилген пландарга ылайык өз убагында толугу менен тийиштүү отчетторду, маалыматтарды берип туруусуна милдеттүү экендиги белгиленсин.
5. Жайыт комитетине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнчапландарды өз убагында жана бекитилген тартипте даярдоодо, макулдашууда, бекитүүдө жана аткарууда ар тараптуу жардамдар такай көрсөтүлүп туруусу белгиленсин.
6. Жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча аткарыла турган бардык иш-чаралар Кыргыз Республикасынын “Жайыт жөнүндө” мыйзамынын негизинде жүргүзүлүүсү каралсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевге жүктөлсүн.
8. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
9. Бул токтом www.Janyjol.comсайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Т. Өзүбеков |