Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-майы № 1
Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу “Деко” муниципалдык 2017-жылга карата бюджетин жана катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу жана көмүү боюнча тарифтеринин эсебин бекитүү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу “Деко” муниципалдык ишканасынын2017-жылга карата негизги киреше бөлүгүнүн булактары 1076095 сомго бекитилсин.
2. 2017-жылдын 1-январынан баштап катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу жана көмүү боюнча төмөндөгү тарифтердин эсеби бекитилсин:
Жаңы-Жол айыл аймагынын калкы үчүн 6 сом 20 тыйын 1 адамга 1 айга;
Жаңы-Жол айыл аймагында чарба жургүзүүчү субъектилерге 1 куб метр катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу жана көмүү боюнча 300 сом;
3. Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу бюджеттик мекемелер үчүн 1куб метр катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу жана көмүү боюнча 300 сом. Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу “Деко” муниципалдык ишканасынын 2017-жылга бекитилген чыгымдарын пландарына жараша тактоо жүргүзүп, өз убагында өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду сессияга сунуштап туруу жагы “Деко” муниципалдык ишканасынын башкы бухгалтери М.Станбековага тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы экономика-бюджеттик пландоо, бизнес, каржы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынан жана айылдык Кеңештин төрагасынын орун басарынан суралсын.
5. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
6. Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Т. Өзүбеков |