Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 05-июну № 1
Республикалык бюджеттен өз ара эсептешүүлөр эсебинен келип түшкөн 2200000 сом акча каражатын планга киргизүү жөнүндө
Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Республикалык бюджеттен өз ара эсептешүүлөр эсебинен келип түшкөн конференц зал куруу үчүн 2200000сом акча каражаты планга киргизилсин, мамлекеттик сатып алуулар боюнча порталга жарыялансын.
2. Социалдык обьектилердин жерлерин тактап, алты айдын жыйынтыгы менен алып чыгуу жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевге милдеттендирилсин.
3. Жайыт пайдалануучулар комитетинин 2017-жылга мал санактын жыйынтыгын берүү, 2016-жылдагы аткарган иши боюнча отчет берүү жагы жайыт комитетинин башчысы Н.Чокоевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
5. Бул токтом www.Janyjol.comсайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Т. Өзүбеков |