Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-августу № 4
Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн 2017-жылы кабыл алынган жергиликтүү бюджетине өзгөртүү же кошумча беренелерин кабыл алуу жөнүндө
Жаңы-Жол айылдык КеңештинVII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевдин билдирүүсүн эске алып, жергиликтүүбюджеттен 2017-жылдын 3111 беренесинен – 500,0 миң жана 3112 беренесинде каралган200,0 миң сом акча каражатынан айылдардын ички жолдорун оңдоо үчүн 2215 беренесинежылдын үчүнчү кварталына которулуп берилсин. Жалпы сумма – 700,0 миң сом.
Кара-Тектир айылы - 148,0 миң сом, Кызыл-Туу айылы - 122,0 миң сом,
Бала-Чычкан айылы - 139,0 миң сом, Жаны-Жол айылы 87,0 миң сом, Кара-Суу - 64,6 миң сом,Арал айылы - 110,0 миң сом, Кайрак участкасына - 28,6 миң сом.Жалпы сумма : 700,0 миң сом.
2. Бөлүнгөн акча каражатты кошумча сметага киргизүү боюнча райондук финансы бөлүмүнүнбашчысы О.С.Солпуевге өтүнүч кат менен кайрылуу жана бул токтомдун аткарылышын камсызкылуу жагы ФЭБ башчысы Ч.Култаевага милдеттендирилсин.
3. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынсын.
4. Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Т. Өзүбеков |