Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-августу № 5
Сатыбалдиев Сайдылданын ысымын Арал айылынын орто чениндеги туура кесилиш көчөгө ыйгаруу жөнүндө
Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Арал айылынын тургуну маркум Сатыбалдиев Сайдылданын ысымын Арал айылынын орто чениндеги туура кесилиш көчөгө ыйгаруу жөнүндө 2017-жылдын 11-августундагы №1 чечими бекитилсин.
2. Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Арал айылынын тургуну маркум Сатыбалдиев Сайдылданын ысымы Арал айылынын орто чениндеги туура кесилиш көчөгө ыйгарылсын.
3. Сатыбалдиев Сайдылда атындагы көчөнүн ирээттүүлүгүнө тазалыгына көрктөндүрүү, жашылдандыруу, архитектуралык талабына жооп берүү жагы маркумдун уй-бүлөө мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
5. Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Т. Өзүбеков |