Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-августу № 6
Ижара келишимдерди түзүү жана ижара акыларды белгилөө жөнүндө
Жаңы-Жол айыл аймагынын Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагыбыздын тургундарынын убактылуу пайдаланууга алган жер участкалары үчүн Жаңы-Жол айыл өкмөтү менен келишимдер түзүлсүн жана төмөнкү ижара акылар белгиленсин.
2. Айыл аймагыбыздын тургундары өздөштүрүп алган жер участкалары үчүн ижара акы Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 338-беренесинин негизинде үй жанындагы, короо жай жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын ставкалары боюнча канча эсептелсе ошончо ижара акы белгиленсин.
3. Айыл чарба багытында эмес жер участкаларын айыл тургундарына ижарага берүүдө жер аянтын пайдалангандыгы үчүн ижара акы Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 339-беренесинин негизинде калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын ставкалары боюнча канча эсептелсе ошончо ижара акы белгиленсин.
4. Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы №515 токтому менен бекитилген типтүү жобонун негизинде ижарага берилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер муниципалдык менчик боюнча туруктуу комитетинин курамынан суралсын.
6. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
7. Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Т. Өзүбеков |