Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-ноябры № 2
Акча каражатын беренеден беренеге жылдыруу жөнүндө
Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн 2017-жылы кабыл алган жергиликтүү бюджетинин беренелерине өзгөртүү киргизүү боюнча жана долбоор аркылуу Токтогул райондук Социалдык өнүгүү башкармалыгынан калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүнөн Казатов орто мектебинин эскирген полун оңдоого курулуш материалдарын алуу үчүн 65500 (алтымыш беш миң беш жүз) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн атайын каражат эсебине түшкөндүгүнө байланыштуу ФЭБ башчысы Ч.Култаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жаңы-Жол айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ч.Култаеванын билдирүүсүн эске алып, жергиликтүү бюджеттин 2017-жылдын сметасында каралган раздел аппарат 70111 3112 беренесинен 63000 сом акча каражаты 22221200 беренесине, аппарат бөлүгү 70111 22154900 беренесинен 10000 сом акча каражаты бала бакча 2222100 беренесине, китепкана бөлүмү 22154900 беренесинен 20000 сом акча каражатын 2211 беренесине жылдырып, жылдын IV кварталына которулуп берилсин.
2. Раздел аппарат атайын каражат бөлүгүнө ӨСИнан жардам катары түшкөн 12300 сом акча каражатын аппарат бөлүмү - 70111 – 2211 беренесине 9600 сом, 22221200 беренесине -2700 сом, аппарат бөлүмү – 70111 - 22221200 беренесине 65500 сом акча каражатын карап жана 22154900 беренесинен 31112320 беренесине 9900 сом жылдырылып, жылдын IV кварталына каралсын.
3. Жогоруда өзгөртүү кирген жана жаңыдан беренелерге каралган акча каражатын КР Финансы Министрлигинин Токтогул башкармалыгынын башчысы О.Солпуевге кат менен кайрылуу жана туура пайдаланып, аткарылышын камсыз кылуу жагы ФЭБ башчысы Ч.Култаевага милдеттендирилсин.
4. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
5. Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Т. Өзүбеков |