Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-ноябры № 4
Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу калктуу конуштардын жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандык үчүн зоналдык коэффициентинин маанисин белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына, КР салык Кодексинин 339-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевдин сунушун кароо боюнча айылдык Кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп, талкуулап, Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калктуу конуштун жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандык үчүн зоналдык коэффициенттин (Кз) маанисин Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн бардык экономикалык-пландоо зоналарга бирдей 1,2 өлчөмүндө бекитилсин.
2. Зоналдык коэффициенттин 1,2 өлчөмү 2018-жылдын 1-январынан баштап колдонууга киргизилсин.
3. Токтомду аткаруу Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевге жана ФЭБ башчысы Ч.Култаевага милдеттендирилсин.
4. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүү мекемелерге жөнөтүү жооптуу катчы Ж.Алымбековага тапшырылсын.
5. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
6. Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Т. Өзүбеков |