Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-ноябры № 5
Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жол айылындагы жаңы курулган кичи футбол аянтчасына маркум Мураталиев Ниязбектин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз Хсессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жол айылындагы жаңы курулган кичи футбол аянтчасына маркум Мураталиев Ниязбектин ысымын ыйгаруу жөнүндө 2017-жылдын 23-ноябрындагы №4 чечими бекитилсин.
2. Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жол айылындагы жаңы курулган кичи футбол аянтчасына маркум Мураталиев Ниязбектин ысымы ыйгарылсын.
3. Мураталиев Ниязбектин ысымы ыйгарылган кичи футбол аянтчасынын көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана архитектуралык талабына жооп берүү жагы маркумдун үй-бүлөө мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5. Бул токтом www.Janyjol.comсайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Т. Өзүбеков |