Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-январы № 2
Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көлл шаарынын Жазыкечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекциясынын байкоочу кеңешиндеги мүчөсү Асанбеков Нуржигит Абдилатовичти байкоочу кеңешинин мүчөлүгүнөн чакыртып алуу жөнүндө
Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынынкезексиз XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жол айыл аймагынын Токтогул районунун атайын фондунун байкоочу кеңешиндеги өкүлү Асанбековдун 6 айлыкта, 9 айлыкта жана жыл жыйынтыгы боюнча Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө маалымат бербегендиги эске алынсын.
2. Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көлл шаарынын Жазыкечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекциясынын байкоочу кеңешиндеги Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн өкүлү Асанбеков Нуржигит Абдилатовичбайкоочу кеңешинин мүчөлүгүнөн чакыртылып алынсын.
3. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
4. Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Т. Өзүбеков |