Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-январы № 2
“Кайрак” участкасындагы таштанды төгүүчү жайды жалпы пайдалануу тууралуу жана“Деко” муниципалдык ишканасынын тарифтери жөнүндө
Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жол айыл аймагынына караштуу “Кайрак” участкасындагы таштанды төгүүчү жайды Токтогул шаардык мэриясы менен биргеликте пайдалануу тууралуу эки тараптуу макулдашуу түзүүгө уруксат берилсин.
2. Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу “Деко” муниципалдык ишкананын 2018-жылга карата негизги киреше бөлүгүнүн булактары 1513683 сомго бекитилсин.
3. 2018-жылдын 1-январынан баштап катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу жана көмүү боюнча төмөндөгү тарифтердин эсеби бекитилсин:
Жаңы-Жол айыл аймагынын калкы үчүн ар бир кожолуктан бир айга 50 (элүү) сомдон.
Тарифте эсептелген жалпы сумманын айырмасын 280000 сомду “Деко” муниципалдык ишканасына айыл өкмөттөн субсидия катары төлөнүп берилсин.
Жаңы-Жол айыл аймагында чарба жүргүзүүчү субъектилерге 1 куб метр катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу жана көмүү боюнча 300 сом.
Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу бюджеттик мекемелер үчүн 1 куб метр катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу жана көмүү боюнча 300 сом.
Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу “Деко” муниципалдык ишканасынын 2018-жылга бекитилген чыгымдарын пландарына жараша тактоо жүргүзүп, өз убагында өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду сессияга сунуштап туруу жагы “Деко” муниципалдык ишканасынын башкы бухгалтери М. Станбековага тапшырылсын.
5. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
6. Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Т. Өзүбеков |