Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 04-апрели № 3
Акча каражатын беренеден беренеге жылдыруу жөнүндө
2018-жылга жергиликтүү бюджетине өзгөтүүлөрдү киргизүү боюнча ФЭБ башчысы Ч.Култаеванын билдирүүсүн жана Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин «Экономика бюджет,финансы каражаттары чакан жана орто бизнес,менеджмент,маркетинг кызматы,кредит,инвестициялар» боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ч.Култаеванын билдирүүсү эске алынсын.
2. Жаңы-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн атайын каражат эсебине жерлерди инвентаризациялоонун негизинде 14238900 – башка кызмат түрлөрү боюнча классификацияланбаган кызматтар үчүн башка төлөмдөр беренесине 50000 миң сом, 2017 –жылы ОСИден экономиянын эсебинен калган 50000 миң сом акча каражатын “Деко” муниципалдык ишканасына материалдарды алууга которулган, бирок өз максатында пайдаланбай кайра айыл өкмөтүнүн атайын каражат эсебине которуп бергендигине байланыштуу 14238900 – башка кызмат түрлөрү боюнча төлөмдөр (пайдаланылбаган акча каражатын кайтаруу ) беренесине 50000 миң сом. Жалпы сумма 100000 миң сом.
3. Атайын каражат эсебине түшкөн 100000 сом акча каражатын төмөндөгүдөй бөлүнүп берилсин:
Аппарат бөлүмү 70111 айыл өкмөткө генератор алуу берене 31122290
50000 сом.
Айыл өкмөткө эксковатордун запастык бөлүктөрүн алуу берене 22141200 50000 сом.
Мектеп бөлүмү 70921 2221 берене 5000 миң сомIIIкварталдан II кварталга жылдыруу.
Атайын каражат бөлүгү аппарат 2222 беренесинен 3111 беренесине 129613 сом жылдыруу.
4. Жогорудагы бөлүнгөн акча каражатты сметага кошумча киргизүү боюнча КР Финансы Министрлигинин Токтогул башкармалыгынын башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Б.Т. Бекташовго өтүнүч кат менен кайрылуу жана бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы ФЭБ башчысы Ч.Култаевага милдеттендирилсин.
5. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
6. Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Т. Өзүбеков |