Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-июну № 1
Республикалык бюджеттен жергиликтуу бюджетке өз ара эсептешүүлөрдөн түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
2018-жылдын жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевдин билдирүүсүн жана Жаны-Жол айылдык Кенешинин «Экономика бюджет,финансы каражаттары чакан жана орто бизнес,менеджмент,маркетинг кызматы,кредит,инвестициялар» боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап Айылдык Кенештин VII чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. Жаны-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнө26311200 « Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке өз ара эсептешүүлөр боюнча өткөрүлүп берилүүчү каражаттар»- эсебинен түшкөн 2500,0 мин сом акча каражаты айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Туу айылындагы «Балалык» балдар бакчасына кошумча бөлмө куруу үчүн 1704069 сом, Жаны-Жол айылынан Кара-Суу айылына чейин жол курууга өздүк салым үчүн 473031 сом жана Жаны-Жол айылына суу түтүктөрүн курууга өздүк салым үчүн 322900 сом Жалпы сумма: 2500000 сом.
3. 26311200 « Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке өз ара эсептешүүлөр боюнча өткөрүлүп, берилүүчү каражаттар»- эсебинен түшкөн 2500,0 мин сом акча каражаты төмөндөгүдөй бөлүнүп берилсин:
Раздел аппарат 70111 статья 3111 795931 сом
Раздел бала бакча 70911 статья 3111 1704069 сом
2018-жылдын II кварталына каралып берилсин.
Раздел аппарат 70111 статья 2215 145000 сом ,раздел аппарат 70111 статья 3111 16000 сом III кварталдан II кварталга жылдыруу.
4. Жогорудагы болунгон акча каражатты сметага кошумча киргизүү боюнча КР Финансы Министрлигинин Токтогул башкармалыгынын начальниги О.Солпувге өтүнүч кат менен кайрылуу жана бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы ФЭБ башчысы Ч.Култаева милдеттендирилсин.
5. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6. Бул токтом www. janyjol.com сайтына жарыялаган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Т. Өзүбеков |