Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 02-июлу № 4
Жаны-Жол айыл аймагынын биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу жөнүндө жобосун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына, жергиликтүү жамааттын Уставына жана муниципалитеттер тарабынан көрсөтүлгөн кызматтарын баалоо жол-жоболордун аткарылышын, ошондой эле жергиликтүү бюджет, жергиликтүү коомчулук салымы жана донордук уюмдардын эсебинен жергиликтүү демилгелердин/долбоорлордун/программалардын ишке ашыруусун жөнгө салуучу жергиликтүү ченемдик укуктук актыларына ылайык биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу (БМжБТ) үчүн иштелип чыккан. Жогорудагылардын негизинде Жаны-Жол айыл аймагынын биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу жөнүндө жобону угуп жана талкуулап, Жаны-Жол айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XIX-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Жаны-Жол айыл аймагынын биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу жөнүндөгү” жобо бекитилсин
2. Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу 7 адамдан түзүлсүн.
3. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды
4. Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | Т. Өзүбеков |