Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 02-июлу № 5
2.07.2018-жыл Жаңы-Жол айылы “Ишмер”ЖЧКсына берилген акча каражатын иштетүү багытын өзгөртүү жөнүндө
Жаңы-Жол айыл аймагындагы Кара-Тектир айылын жана Кара-Булак, Төрт-Там, Уй сарай участкалары Ислам өнүктүрүү банкынан каржыланган “Ала-Тоо булагы” долбору аркылуу ичүүчү суу менен камсыздала тургандыгына байланыштуу, 2017-жылдын 27-декабында “Ишмер” ЖЧКсынын эсептик счетуна жогорудагы айылды таза суу менен камсыздоо максатында которулган 964000 сом акча каражатынын багытын өзгөртүү тууралуу
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Ишмер” ЖЧКсынын эсептик счетундагы Кара-Тектир айылын жана Кара-Булак, Төрт-Там, Уй сарай участкаларын таза суу менен камсыздоо максатында которулган 964000 сом акча каражатынын багыты, “айыл өкмөттүн балансындагы техникаларды токтотуучу жай курууга” - деп өзгөртүлсүн.
2. “Ишмер” ЖЧКсыны которулган 964000 сом акча каражатын, айыл өкмөттүн балансындагы техникалар токтотулуучу жай курууга жумшасын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Т. Өзүбековго тапшырылсын.
4. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5. Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Т. Өзүбеков |