Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 02-июлу № 6
Акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
2018-жылдын жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевдин билдирүүсүн жана Жаны-Жол айылдык Кенешинин «Экономика бюджет,финансы каражаттары чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар» боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап Айылдык Кенештин VII чакырылышынын кезектеги XХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. Жаны-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн атайын каражат эсебине «Жалал Абад облусунун Токтогул районунун жана Кара-Көлл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекция” мамлекеттик мекемесинин Байкоочу кенеши тарабынан колдоого алынган 2018-жылдагы сунуштар боюнча 1010,0 сом мунун ичинен Арал айылына трансформатор, чубалгы, мамыларды алуу жана орнотуу үчүн 310,0 мин сом,Кара-Суу айылынан Токтогул суу сактагычына кеткен жолду ондоо иштерин жургүзүүгө 300,0 мин сом,Кара-Суу-Орто Кашат айылындагы Көтөрмө каналынын ремонтуна жана механикалык тазалоо иштерин жүргүзүүгө 400,0 мин сом түшкөн . Жалпы сумма 1010,0 сом.
3. Атайын каражат эсебине тушкон 1010,0 мин сом акча каражаты төмөндөгүдөй бөлүнүп берилсин:
Раздел аппарат 70111
статья 31122290 310 ,0 мин сом Арал
статья 22211200 300,0 мин сом Кара-Суу жол
статья 22211200 400,0 мин сом Кара-Суу –Орто –Кашат канал
Жалпы сумма 1010,0 мин сом жылдын III кварталына каралсын.
Жогорудагы болунгон акча каражатты сметага кошумча киргизүү боюнча КР Финансы Министрлигинин Токтогул башкармалыгынын начальниги О.Солпуевге өтүнүч кат менен кайрылуу жана бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы ФЭБ башчысы Ч.Култаевага милдеттендирилсин.
5. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6. Бул токтом www. janyjol.com сайтына жарыялаган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Т. Өзүбеков |