Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-августу № 2
Жумушчу топтун (комиссиянын) материалдарын карап чыгуу жөнүндө
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Жаңы-Жол айыл аймагынын калктуу конуштарынын чек араларын тактоо боюнча жумушчу топтун (комиссиянын) материалдарын карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жол айыл аймагынын калктуу конуштарынын чек араларын тактоо боюнча жумушчу топтун (комиссиянын) жыйынтык материалдары бекитилсин.
2. Жаңы-Жол айыл аймагынын калктуу конуштарынын чек араларын тактоо материалдарын мындан ары калктуу конуштардын генералдык пландарын түзүүдө жана калктуу конуштардын чек араларына тиешелүү маселелерде колдонууну уюштуруу жер адиси Д.Маткеримовго жүктөлсүн.
3. Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынан айыл аймагынын калктуу конуштарынын чек араларын тактоонун жыйынтыктарын бекитип берүү суралсын.
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды
5. Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | Т. Өзүбеков |