Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-августу № 4
Көмөкчү чарба уюштуруп, пайдаланууга берилген 39,5 га жер аянтын муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн жер балансында турган 1991-жылдын 22-ноябрында Эл депутаттарынын Токтогул райондук Советинин № 457 токтому менен № 39 кесипчилик техникалык окуу жайына “Тегерек” участкасынан көмөкчү чарба уюштуруп, пайдаланууга берилген 39,5 га жер аянтын кайтарып алуу тууралуу Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн жер балансында турган 1991-жылдын 22-ноябрында Эл депутаттарынын Токтогул райондук Советинин № 457 токтому менен № 39 кесипчилик техникалык окуу жайына “Тегерек” участкасынан көмөкчү чарба уюштуруп, пайдаланууга берилген жер аянтын максатсыз пайдалангандыгына жана тиешелүү жер салыктарын төлөбөй келгендигине байланыштуу, берилген 39,5 га жер аянты айыл өкмөттүн жер балансына кайтарып алуу тууралуу, “Айыл чарба жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча” турукуу комиссиянын 2018-жылдын 22-августундагы чечими кабыл алынсын.
2. № 39 кесипчилик техникалык окуу жайына “Тегерек” участкасынан көмөкчү чарба уюштуруп, пайдаланууга берилген 39,5 га жер аянты айыл өкмөттүн жер балансына кайтарып алынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы “Айыл чарба жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча” турукуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
4. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5. Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Т. Өзүбеков |