Загрузка документа…
ХАЛМИОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-декабры № 56
Халмион айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бюджетинин бекитүү жана 2020-2021-жылдарга долбоорун жактыруу жөнүндө
Халмион айыл аймагынын айылдык кеңеши кун тартибиндеги маселе боюнча кыргыз республикасынын 2016-жыл 16-майындагы №59 “Бюджеттик Кодексинин” негизинде түзүлүп, бюджет жана экономика комиссиясы тарабынан каралып, талкуулангандыгын эске алып, экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы –башкы эсепчи Ш Бадаловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Халмион айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Халмион айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүүм бюджетинин кирешелер бөлүгү 21815,7 мин сом (атайын каражатсыз) өлчөмүндөгү №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Халмион айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылга чыгашалар болугу 21815н ,7 мин сом (атайын каражатсыз) өлчөмүндөгү №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Халмион айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылга атайын каражаттар боюнча кирешелери жана чыгашалары 1052,5 мин сом өлчөмүндө №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Халмион айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-2021-жылдар учун негизги параметрлеринин болжолу 2020-жылгы кирешелер жана чыгашалары 23789,4 мин сом(атайын каражаттар менен) өлчөмүндө №4 тиркемеге ылайык 2021-жылга кирешелер жана чыгашалары 24932,9 мин сом (атайын каражат менен) өлчөмүндөгү №5 тиркемеге ылайык жактырылсын.
5. Чыгымдарды каржылоо биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы,социалдык фондго чегеруулор,тамак аш, комуналдык чыгымдар)жүргүзүлсүн
6. Чыгашалардын корголгон беренелерине каралган каражаттар штат бирдиктери жана нормативдик документтер өзгөртүлгөндө азайтылышы же көбөйтүлүшү мүмкүн.
7. Бюджеттик жана атайын каражаттарды казыналыкты айланып өтүү менен иштетилсин.
8. Айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бюджети 1-январь 2019-жылдан баштап ишке киргизилсин.
9. Салыктардын аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн счётуна түшүшүн контролдоо жагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине жүктөлсүн.
10. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Г.Матажиев |