Загрузка документа…
ХАЛМИОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-декабры № 60
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түрткү берүүчү грантына долбоорлорду даярдоо жөнүндө
Халмион айыл өкмөтүнүн социалдык инфрастуруктурасын жакшыртуу максатында 2018-жыл бюджеттик коомдук угуулардын чечимдерине негиз түзүлгөн демилгечи топтор аркылуу Республикалык бюджеттин түрткү берүүчү грантына долбоорлор даярдалган. Даярдалган долбоорлорду айылдык Кенещ талкуулап
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Халмион айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын бюджетинен Халмион айыл өкмөтүнүн Таш-Добо айылындагы ФАПтын имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү долбооруна айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары айыл өкмөтүнүн бюджетинин 31112290-статьясынан 323000, 0 сом өлчөмүндө акча каражатын бөлүү жагы каралсын.
2. Халмион айыл өкмөтүнүн 2019-жыл бюджетинен Халмион айыл өкмөтүнүн Гүлдүрөмө айылындагы №51 Н.Ирисов атындагы Таш-Добо орто мектебине ашкана куруу долбооруна айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары айыл өкмөтүнүн бюджетинин 31112290-статьясынан 658687, 0 сом өлчөмүндө акча каражатын бөлүү жагы каралсын.
3. Халмион айыл өкмөтүнүн 2019-жыл бюджетинен Халмион айыл Өкмөтүнүн Кок-Тал айылындагы Достук орто мектебинин стадионуна курулуучу кийим чечүүчү , жуунучу жай жана спорт аянтчасынын айлантасын тосуу долбооруна айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары айыл өкмөтүнүн бюджетинин 31112290-статьясынан 371000,0 сом өлчөмүндө акча каражатын бөлүү жагы каралсын.
4. Ушул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө Халмион айылдык кенешинин бюджет комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Г.Матажиев |