Загрузка документа…
ХАЛМИОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-декабры № 62
Халмион айыл өкмөтүндөгү ветеринария бөлүмүнүн соода түйүндөрүндөгү азык-түлүк продукцияларынын зыянкечтигин ветеринардык-санитардык экспертизадан өткөрүү үчүн бааларын бекитүү жөнүндө
Халмион айылдык кенеши Халмион айыл өкмөтүндөгү ветеринария бөлүмүнүн азык-түлүк продукцияларынын зыянкечтигин ветеринардык -санитардык экспертизадан өткөрүү үчүн берилүүчү продукциянын массасын жана бааларын бекитүү максатында маселени карап талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Халмион айыл аймагынын соода түйүндөрүндө сатылып жаткан азык-түлүк продукцияларынын зыянкечтигин ветеринардык-санитардык экспертизадан өткөрүү 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бекитилген бааларды көзөмөлдөө жагы Халмион айыл өкмөтүнүн Вет. инспектору И.Мурзаевге жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Төрага | Г.Матажиев |