Загрузка документа…
ХАЛМИОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 05-марты № 73
Ветеринардык кадрларды даярдоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын 2019-жылдын 28-февралындагы №10-1/0781 катына негиз Кыргыз Улуттук агрардык унверситети менен түзүлө турган келишимди карап талкуулап чыгып айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Халмион айыл аймагында ветеринардык кадрларды окутууга кеткен чыгымдарды жергиликтүү бюджеттен 50 % төлөп берүү Кыргыз УМУ менен түзүлгөн келишими мыйзам чегинде каралсын.
2. Халмион айыл аймагындагы мектептерде бүтүрүүчүлөр арасында кызыккан ветеринардык адистикке окутуу боюнча иш алып барылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Халмион айыл өкмөтүнүн башчысын орун басары Т.Кудайкулов жана Вет. инспектору И.Мурзаевге жүктөлсүн.
Төрага | Г.Матажиев |