Загрузка документа…
ХАЛМИОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 02-майы № 76
Халмион айылдык кеңешинин 6.11.2010-жылдагы №14/2 токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө
Халмион айылдык кеңеши сессиянын күн тартибиндеги маселени карап талкуулап айтылган сунуштардын, депутаттардын добуш берүү боюнча жыйынтыгына негиз айылдык кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Халмион айыл өкмөтүнүн жетекчилигине айылдык кеңешинин 6.11.2010-жылдагы №14/2 сандуу токтому менен ажыратылып берилген 8-2-15-1001-3208 ид коду менен катталган муниципалдык жер аянтын муниципалдык мүлк катарында пайдалануу милдеттендирилсин.
2. Халмион айылдык кеңешинин 6.11.2010-жылдагы №14/2 сандуу токтому менен Халмион айыл аймагынын Халмион айылынын түштүк тарабынан Пүлгөн-Бүргөндү авто жолунун жогору жагынан Халмион айыл өкмөтүнүн муниципалдык базарын уюштуруу үчүн ажыратылган жер аянтын, азыркы күндө Серич Б №029187 сандуу мамлекеттик актында мамлекеттик катоодон өтүп 8-02-15-1001-3208ид. коду менен базар, соода түйүндөрү багытындагы муниципалдык менчиктеги жер аянты социалдык обьектилерди куруу багытында пайдаланылсын.
3. Халмион айыл өкмөтүнө ушул токтомду аткарууга алып тиешелүү иштерди жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | Г.Матажиев |