Загрузка документа…
ХАЛМИОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-февралы № 69
Халмион айыл өкмөтүнүн болжолдуу 2018-2020-жылдарга карата түзүлгөн стратегиялык долбоорунун кабыл алынган алтынчы чакырылышынын кезектеги жетинчи сессиясынын №7/24 токтомуна толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө
Халмион айыл аймагында 2018-2020-жыл стратегиялык өнүгүү программасына камтылбаган кошумча иштер аткарылды. Көпчүлүк иш- чаралар жеке ишкерлер, дөмөөрчүлөр жана айыл өкмөтү тарабынан жасалды. Коомдук угуулар, кайрылууларда 2019-жыл жана келечек реестрде катталбаган кошумча аткарылуучу көйгөйлөрдү карап талкуулап чыгып Халмион айыл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Халмион айыл аймагында 2018-2020-жылдаргы карата түзүлгөн стратегиялык планы 2018-жыл ичинде аткарылган кошумча иштер жана өзгөртүүлөр №1 тиркемеге негиз бекитилсин.
2. 2018-жылы бүтпөй калган эки кошумча иш-чара жана коомдук угууларда сунушталган кошумча аткарылуучу иш-чаралар өнүгүү стратегиясынын программасынын 2019-жыл реестрине №2 тиркемеге ылайык киргизилсин.
3. Пландын аткарылшы Халмион айыл өкмөтүнө жана аппарат кызматкерлерине милдеттендирилсин.
Төрага | Г.Матажиев |
2018-жылдын Өнүгүү программасына кошумча аткарылган иш чараларды кошуу.
№ | Мазмуну | суммасы |
1 | Ноогардан айылына 2 көпүрөө куруу | 180 000 сом |
2 | Халмион айылына яма бекке чункурун куруу | 496 000 сом |
3 | Ирилеш, Таш-Дөбө, Чекелик, Ноогардан айылдарына трасформатор сатып алуу | 670 000 сом |
4 | Чекелик, Жаны-Айыл, Жошук айылдарын 6км электр зымы менен камсыздоо | 135 000 сом |
5 | Чекелик айылына кичи футбол аянтчасына курулуш материалдарын сатып алуу | 44 000 сом |
6 | Халмион айылындагы борбордук стадиондун айласын тосууга курулуш материалдарын сатып алуу | 496 000 сом |
7 | Жошук, Таш-Дөбө, Примов орто мектептерине кичи футбол аянтчасын куруу долбоору. | 109 000 сом |
8 | Гүлдүрөмө айылына 50 орундуу балдар бакчасынын курулушу | 17млн 500 мин сом |
9 | Гүлдүрөмө айылындагы балдар бакчасына таза суу түтүгүн тартуу | 162 000 сом |
10 | Токтогул орто мектебине таза суу түтүгүн реабилитациялоо | 246 000 сом |
11 | Примов орто мектебине таза суу түтүгүн реабилтайиялоо | 310 000 сом |
12 | Жошук орто мектебине таза суу түтүгүн раебилитациялоо | 108 000 сом |
13 | Сары-Зоо жайлоосунан Ак-Чечек жайлоосуна сугат суу үчүн труба тартуу | 1млн 7 мин сом |
14 | Таш-Дөбө айылындагы Арап сайга көпүрөө куруу | 532 000 сом |
15 | Ирилеш айылына таза суу түтүгүн тартуу | 966 000 сом |
16 | Айыл өкмөтүнө Лада 4х4 НИВА авто унаасына сатып алуу | 485 000 сом |
17 | Айыл чараба транспортун сатып алуу (трактор, пресподборщик, прицеп) | 3млн 8мин сом |
18 | Пүлгөн-Бүргөндү авто жолуна 5даана аялдама куруу | 250 000 сом |
19 | Халмион айылынын Х.Матмусаев көчөсүнө асфальт куруу | 3млн 500 мин сом |
20 | Шады айылындагы ФАПка суу кампасынын курулушу | 76 000 сом |
21 | Ноогрдан ФАПнын ремонтуна | 151 000 сом |
22 | Халмион айылындагы тез жардам бөлүмүнүн имаратын капиталный ремонттон өткөрүү | 190 000 сом |
23 | Халмион айылына балдар үчүн “Дельфин” эс алуу отракционун куруу | 4млн сом |
|
Жалпы: |
34 млн 621 мин сом
|
Халмион айыл өкмөтүнүн башчысын
орун басары: Т.Кудайкулов
Халмион айыл аймагы боюнча 2019-жылга жылдыруу.
№ | Мазмуну | суммасы | Аткарылышы |
1 | Таш-Дөбө мектебине ашкана куруу | 90 000 сом | Долбоор даярдалып стимгрантка сунушталды. |
2 | Чекелик айылындагы ФАПтын имаратын жаныдан куруу | 2,8 млн 890 мин сом | Долбоор даярдалып стимгрантка сунушталды. |
|
Жалпы: |
2 млн 890 мин сом
|
|
Халмион айыл өкмөтүнүн башчысын
орун басары: Т.Кудайкулов