Загрузка документа…
ХАЛМИОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-майы № 81
Халмион айыл аймагынын Ирнилеш айылынын жана Эргенек Жаны Жер коомунун тургундарын сугат суу камсыз кылууга айыл өкмөтүнүн бюджетинен капиталдык салым кошуу жөнүндө
Халмион айыл аймагынын Ирилеш айылынын жана Эргенек Жаны Жер коомунун тургундарынын сугат суу менен камсыздоо жөнүндөгү кайрылууларынын негизинде, Кадамжай райондук өнүгүү фондуна даярдалынып жаткан долбоорго өздүк салым кошуу максатында айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Халмион айыл аймагынын Ирилеш айылынын жана Эргенек Жаны Жер коомунун тургундарын сугат суу камсыз кылуу боюнча түзүлүп жаткан долбоорго айыл өкмөтүнүн бюджетинен капиталдык салымдар үчүн ажыртылган акча каражатынан 225533,0 (эки жүз жыйырма беш мин жүз отуз үч) сом ажыратылып өздүк салым катары берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Халмион айыл өкмөтүнө жана демилэчи топко милдеттендирилсин.
Төрага | Г.Матажиев |