Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-августу № 5
Кара-Тектир айылындагы “Канатбек”-“Токтосун” көчөлөрүнүн кесилишиндеги жаңы көчөгө маркум Исманов Нумандын атын ыйгаруу жөнүндө
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жол айылдык Кенешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана маалымат каражаттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, коомдук уюмдар, социалдык маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиянын 2018-жылдын 20-августундагы № 2 чечимин негиз кылып Кара-Тектир айылындагы “Канатбек”-“Токтосун” көчөлөрүнүн кесилишиндеги жаңы көчөгө маркум Исманов Нумандын аты ыйгарылсын.
2. Исманов Нумандын аты ыйгарылган көчөнү көрктөндүрүү, жашылдандыруу жагы маркумдун үй-бүлөө мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Т. Өзүбековго тапшырылсын.
4. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5. Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Т. Өзүбеков |