Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-августу № 6
Чычкан капчыгайынын “Текелүү” жайлоосундагы көпүрөгө Назарбаев Өзүбектин атын ыйгаруу жөнүндө
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жол айылдык Кенешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана маалымат каражаттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, коомдук уюмдар, социалдык маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиянын 2018-жылдын 20-августундагы №2 чечимин негиз кылып Чычкан капчыгайынын “Текелүү” жайлоосундагы көпүрөгө Назарбаев Өзүбектин аты ыйгарылсын.
2. Назарбаев Өзүбектин аты ыйгарылган көпүрөнү ремонттоо иштерине демөөрчүлүк кылып оңдоп туруу жагы Назарбаев Өзүбекке жана үй-бүлөө мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы туруктуу комиссия курамына милдеттендирилсин.
4. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5. Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Т. Өзүбеков |