Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-августу № 8
Кара-Тектир айылынын тургуну Бокушев Тазабекке Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жол айылдык Кенешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана маалымат каражаттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, коомдук уюмдар, социалдык маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиянын 2018-жылдын 20-августундагы №2 чечимин негиз кылып Комсомол айылынын тургуну Бокушев Тазабек Өмүржановичке “Ардактуу атуул” наамы ыйгарылсын.
2. “Ардактуу атуул” наамын салтанаттуу чогулушта тапшырууну уюштуруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Тойгонбаевге сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы туруктуу комиссия курамына милдеттендирилсин.
4. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5. Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Т. Өзүбеков |