Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 05-октябры № 3
Жаны-Жол айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларын курамдарына жана резервдерине жамааттардын атынан көрсөтүлгөн талапкерлерди сунуштоо жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комисиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын 2011-жылдын 8-июлундагы №7 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларны түзүү жана таркатуу жөнүндөгү” жобонун талаптарынын негизинде, Жаңы-Жол айыл аймагындагы шайлоочулардын жана башка уюмдарынынын чогулуштарынын жыйынтыгында участкалык шайлоо комиссияларынын резервдик курамына көрсөтүлгөн талапкерлер Жаңы-Жол айылдык кеңешининде каттоого алынган.
Алардын арыздарын жана башка тиешелүү документтерин карап жана талкуулап Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаны-Жол айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын резервдик курамына төмөндө көрсөтүлгөн сандагы жарандардын талапкерлерлиги тиркемеге ылайык сунушталсын.
2224 Кара-Тектир шайлоо участкасына 14 талапкер,
2225 Кызыл-Туу шайлоо участкасына 12 талапкер,
2226 Бала-Чычкан шайлоо участкасына 16 талапкер,
2227 Жаны-Жол шайлоо участкасына 15 талапкер,
2228 Кара-Суу шайлоо участкасына 12 талапкер,
2419 Арал шайлоо участкасына 9 талапкер.
2. Сунушталган талапкерлердин докуменнтерин Токтогулл аймактык шайлоо комиссиясына өткөрүп берүү жагы жооптуу катчы Абдывалы кызы Акмаралга жүктөлөт.
3. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
4. Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Т. Өзүбеков |