Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 05-октябры № 13
Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн 2018-жылы кабыл алган жергиликтүү бюджетине өзгөртүү же кошумча статьялар боюнча кабыл алуу жөнүндө
Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ч. Култаеванын билдирүүсүн жана Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин “Экономика бюджет, финансы каражаттары чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын чечимин угуп, талкуулап Айылдык Кенештин VII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ч.Култаеванын билдирүүсү эске алынсын
2. Кошумча каражат 2018- жылдагы белгиленген пландан ашыкча аткарылган жергиликтүү бюджетке түшкөн кирешелердин эсебинен төлөнсүн.
Физикалык жер салыгы 23000 сом
Юридикалык жер салыгы 63000 сом
Айыл чарбасына багытталбаган жер салыгы 35000 сом
Сатуудан салык 79000 сом
Жердин арендасы 42000 сом
Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия 23000 сом
Курулуш кумун пайдалануудан 5000 сом
Экономикалык кылмыштар боюнча
келтирилген зыяндын ордун толтуруу 10000 сом
Бардыгы 280000 сом
3. Жергиликтүү бюджетке 2018-жылдын IV кварталына кошумча каражат төмөндөгү статьялар боюнча киргизилип берилсин.
Раздел аппарат
Ар кандай чыгымдар 22154900 - 125000 (жүз жыйырма беш миң) сом
Субсидия “Деко” 25111100 - 110000 (бир жүз он миң) сом
Раздел соцобеспечение
Материалдык жардам 27213100 - 45000 (кырк беш миң)
Бардыгы 280000 (эки жүз сексен миң) сом
4. Кызыл-Туу айылындагы Мүлкүбат атындагы орто мектебинин ашканасына идиш аяк алып берүү үчүн Кызыл-Туу айылына бөлүнгөн акча каражатынан 33400 сом жылдырылсын.
Раздел аппарат 70111 - 22154900 статьясынан
Раздел орто мектеп 70921 - 22221100 статьясына 33400 сом
5. Жергиликтүү бюджеттин атайын каражат эсебине Токтогул райондук социалдык Фонд башкармалыгынан келишимдин негизинде социалдык фонд төлөмдөрү үчүн чогулган сумманын 3 % зы үчүн 6800 сом которулган акча каражаты:
Раздел аппарат статья 22154900 6800 (алты мин сегиз жүз ) сом каралсын.
6. Айыл өкөтүнүн жайыт комитетине АРИС долбоору аркылуу келген ХОВА автомашинасынын өздүк салымы үчүн 31000 сом атайын каражат эсебинен раздел аппарат 70111-22154900 статьясынан 31122290 статьясына жылдырылсын.
7. Жогорудагы бөлүнгөн акча каражатты сметага кошумча киргизүү боюнча КР Финансы Министрлигинин Токтогул башкармалыгынын начальниги О.Сөлпиевге өтүнүч кат менен кайрылуу айыл өкмөт башчысы Э. Тойгонбаевге жана бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы ФЭБ башчысы Ч.Култаева милдеттендирилсин.
8. Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Т. Өзүбеков |