Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 06-ноябры № 7
Жаңы-Жол айыл аймагындагы Арал айылынын тургуну маркум Чеңкилов Добулбектин ысымын Арал айылындагы аты жок көчөсүнө ыйгаруу жөнүндө
Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жол айыл аймагындагы Арал айылынын тургуну маркум Чеңкилов Добулбектин ысымын Арал айылындагы аты жок көчөсүнө ыйгаруу жөнүндө туруктуу комиссиянын 2018-жылдын 3-ноябрындагы № 6 чечими кабыл алынсын.
2. Жаңы-Жол айыл аймагындагы Арал айылынын тургуну маркум Чеңкилов Добулбектин ысымы Арал айылындагы Алиев Кенжекара көчөсүнүнөн тартып күн батышты көздөй, Акишова Самар көчөсүнө чейин түшкөн аты жок көчөсүнө ыйгарылсын.
3. Чеңкилов Добулбектин ысымы коюлган көчөнүн тазалыгына, иретүүлүгүнө, архитектуралык талабына жооп берүүсү, көрктөндүрүү жанан жашылдандыруу жагы маркумдун үй-бүлөө мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5. Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган тартып күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Т. Өзүбеков |