Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 06-ноябры № 8
Жаңы-Жол айыл аймагындагы Живпром участкасынын тургуну маркум Осмонкулов Мантубайдын ысымын Живпром участкасындагы төрт тамдын аты жок көчөсүнө ыйгаруу жөнүндө
Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жол айыл аймагындагы Живпром участкасынын тургуну маркум Осмонкулов Мантубайдын ысымын Живпром участкасындагы төрт тамдын аты жок көчөсүнө ыйгаруу жөнүндө туруктуу комиссиянын 2018-жылдын 3-ноябрындагы № 6 чечими кабыл алынсын.
2. Жаңы-Жол айыл аймагындагы Живпром участкасынын тургуну маркум Осмонкулов Мантубайдын ысымы Живпром участкасындагы төрт тамдын аты жок көчөсүнө ыйгарылсын.
3. Осмонкулов Мантубайдын ысымы коюлган көчөнүн тазалыгына, иретүүлүгүнө, архитектуралык талабына жооп берүүсү, көрктөндүрүү жанан жашылдандыруу жагы маркумдун үй-бүлөө мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5. Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган тартып күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Т. Өзүбеков |