Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-декабры № 1
Жаңы-Жол айыл аймагынын бузуулар боюнча иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу Жобону бекитүү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жол айылдык кенешинин депутаттык этика, атуулдардын арыз даттанууларын, мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын 2018-жылдын 17-декабрындагы №4 чечими жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин 2018-жылдын 17-октябрындагы № 01-18/126 буйругунун 2,3 пунктарына ылайык Жаңы-Жол айыл аймагында бузуулар боюнча иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу Жобосу бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин 2018-жылдын 17-октябрындагы № 01-18/126 буйругунун 3 пунктуна ылайык Жаңы-Жол айыл аймагында бузуулар боюнча иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу Жобосу бекитилсин.
4. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
5. Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Т. Өзүбеков |