Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-декабры № 7
Бейшекеев Ооматкулдун ысымын көпүрөгө жана көчөгө ыйгаруу жөнүндө
Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин “Билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана маалымат каражаттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, коомдук уюмдар, социалдык маданий маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын “Бала-Чычкан айылынын тургуну маркум Бейшекеев Ооматкулдун ысымын Бала-Чычкан айылындагы аты жок жаңы көчөсүнө жана көпүрөгө ыйгаруу жөнүндө” 2018-жылдын 14-декабрындагы № 7 чечимин карап жана талкуулап Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана маалымат каражаттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, коомдук уюмдар, социалдык маданий маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын 2018-жылдын 14-декабрындагы № 7 чечими жактырылсын.
2. Жаңы-Жол айыл аймагынын Бала-Чычкан айылындагы “Диңгек” каналынан баштап Бала-Чычкан суусунан өткөн көпүрөгө, Ташыбек участкасындагы Казыбаев Бакыттын үйүнө чейин жана Ак-Бейитке чейинки аты жок жаңы көчөсүнө маркум Бейшекеев Ооматкулдун ысымы ыйгарылсын.
3. Бейшекеев Ооматкулдун ысымы ыйгарылган көчөнүн тазалыгына, ирээттүүлүгүнө, архитектуралык талабына жооп берүүсү, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу жагы маркумдун үй-бүлөө мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгы аркылуу каттоодон өткөрүү жагы Бейшекеев Ооматкулдун үй-бүлөсүнө милдеттендирилсин.
5. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6. Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Т. Өзүбеков |